Орусияда соттолгон Кыргыз жараны жазасын Кыргыз өлкөсүндөгү абактарда өтөйт. Бул тууралуу 12-февралда Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Д.Кадыров аттуу жаран 2014-жылы Орусияда баңгизат менен кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал жазасын Орусиянын Москва шаарындагы абактардын биринде өтөөдө. Мындан улам анын У.Кадыров аттуу атасы Акыйкатчы институтуна 2 жыл мурун кайрылып, уулунун Кыргыз жериндеги абактарга которууга жардамдашууну өтүнгөн.
"Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аталган арыз менен кылдат таанышып, кырдаалды толук изилдеп чыккан соң У.Кадыровдун кайрылуусун карап чыгуу боюнча Башкы прокуратурага расмий кат жөнөткөн. Башкы прокуратура 2018-жылдын январында кайрылууну канааттандырды. Жакын арада Д.Кадыровду Кыргыз жерине алып келишет. Эми ал жазасын бул жактагы абактардын биринде өтөйт", - деп билдиришти аталган институттан.