Кышкы Олимпиада оюндары: Германиялык спортчу биатлон боюнча экинчи алтын медалын жеңип алды

Бүгүн, 12-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулууда. Биатлон боюнча мелдеште германиялык спортчу жеңишке жетип, курама командасы үчүн 2-алтын медалды алып келди.

Кыз-келиндер арасындагы биатлон боюнча 10 чакырым аралыктагы мелдеште жалпы 60 спортчу катышып, марага 58 спортчу гана жеткен. Мелдештин жыйынтыгында германиялык Лаура Дальмайер 30 мүнөт 35.3 секунд жыйынтыгы менен 1-орунду ээледи. 2-орунда словакиялык Анастасия Кузьмина болду, ал 31 мүнөт 4.7 секунд жыйынтыгын көрсөтсө, 3-орунду ээлеген франциялык Анаис Бескон 31 мүнөт 4.9 секунд жыйынтыгын көрсөткөн.

Айта кетсек, Лаура Дальмайер 10-февралда өткөн биатлон боюнча 7,5 чакырым аралыктагы жарышта 1-орунду ээлеп, алтын медалды тагынган.

Жалпы командалык эсепте азыркы учурда: Германия курама командасы 4 алтын жана 1 коло медаль жеңип алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль менен жайгашкан. 3-орунда 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалдын ээси АКШ курама командасы жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nursultan.nurik
2018-02-12 20:41:08
Хиджап менен чыккан кечеки мелдеште молодец Кудай колдосун "
0
Dembele84
2018-02-12 21:31:31
Nursultan.nurik, Ким чыкты хиджаб менен?
+2
Isco23
2018-02-12 23:21:40
Nursultan.nurik,ким айтты хиджап деп. Суукта эле бетин оороп алган
+2
Dembele84
2018-02-13 01:07:19
Isco23,Не деп жооп берет экен деп кутуп жаттым эле атайын суроо берип,сен алдын ала жооп берип коюпсун да )))
0
aiba.8327
2018-02-12 21:04:22
ээ орустар не болду ботом...барбы
0
Dembele84
2018-02-12 21:35:28
aiba.8327,Орустардын кучтуу биатлонисттерин четтетип койгон.А катышып жаткан биатлонисттери буга чейин эле эн начар корсоткучторду корсотуп келген.Мындайча айтканда биатлон боюнча орустарга нан жок!
+2
aiba.8327
2018-02-12 21:42:14
Dembele84,мм рахмат маалыматыныз учун....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан