Учурда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Бул мелдештин салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз туусун Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыккан. SUPER.KG порталы Кышкы Олимпиада оюндарында катышкан Кыргыз спортчулардын формасы кандай болуп өзгөргөнүн сиздердин назарыңыздарга тартуулайт.
Лиллехаммер-1994
Кыргыз курама командасы алгачкы жолу Норвегиянын Лиллехаммер шаарында 1994-жылы өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында катышкан. Бул жылы Кышкы Олимпиада оюндары Жайкы Олимпиада менен 2 жылдык аралык менен өткөрүлө баштаган. Бул мелдеште 67 өлкөдөн келген 1739 спортчу катышып, кышкы спорттун 6 түрү боюнча мелдеш өткөн. Кыргыз курама командасы 1 спортчу менен көрсөтүлгөн. Анда Кыргыз намысын 17 жаштагы биатлончу Евгения Роппель коргогон. Ал кыска аралыктагы жарышта 66-орунду ээлесе, индивидуалдык мелдеште 67-орунду ээлеген.
Айта кетсек, Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз курама командасы катыша албай калып, Кыргыз туусун котормочу Торкель Энгенесс көтөрүп чыккан.
Нагано-1998
1998-жылы Япониянын Нагано шаарында өткөн XVIII Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасы 2-жолу катышкан. Анда Кыргыздын атынан Александр Тропников катышып, бирок байгелүү орунга илинбей калган. Бул жылы Кыргыз туусун Александр Тропников көтөрүп чыккан. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз делегациясы кара түстөгү пальто жана улуттук баш кийим - калпакты кийип чыгышкан.
Турин-2006
2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн XX Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасы 1 спортчу менен көрсөтүлгөн. Анда Кыргыз лыжачы Иван Борисов слалом жана гигант слалом мелдешине жолдомо жеңип алган. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз лыжачы гигант слалом боюнча мелдеште 41-орунду ээлеп, слалом боюнча мелдеште 59-орунду ээлеген. Бул жылы Кыргыз туусун Иван Борисов көтөрүп чыккан. Кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз делегациясына 4 киши кирген. Алар көк жана ак түстөгү күрмө жана улуттук баш кийим - ак калпакты кийип чыгышкан.
Ванкувер-2010
2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өткөн XXI Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасы алгачкы жолу 2 спортчу менен көрсөтүлгөн. Анда лыжачы Дмитрий Трелевский слалом жана гигант слалом боюнча мелдешке катышса, лыжачы Ольга Решеткова лыжа менен кыска аралыктагы жарышка катышкан. Мелдештин жыйынтыгында, Дмитрий Трелевский гигант слалом боюнча мелдеште 76-орунду ээлеп, слалом боюнча мелдеште финишке жетпей калган. Ал эми Ольга Решетникова 4 мүнөт 32,96 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 54-орунду ээлеп калган. Бул жылы Кыргыз туусун Дмитрий Трелевский көтөрүп чыккан. Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз делегациясы кызыл күрмөчөн, кара шымчан жана ак калпакчан чыгышкан.
Сочи-2014
2014-жылы Орусиянын Сочи шаарында өткөн XXII Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасы 1 спортчу менен көрсөтүлгөн. Анда лыжачы Дмитрий Трелевский 2-жолу катышып, Кыргыз туусун көтөрүп чыккан. Бирок, тилекке каршы, Дмитрий Трелевский мелдешке саналуу күндөр калганда машыгуу учурунда тизесинен оор жаракат алып, Кышкы Олимпиадада өнөрүн көрсөтө албай калган. Анын ордуна Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоп Евгений Тимофеев катышкан. Ал слалом жана гигант слалом боюнча мелдешке катышып, 69-орунду жана 41-орунду ээлеген. Бул жылы Кыргыз делегациясы кызыл жана сары түс аралашкан күрмө, кара шымчан жана ак калпак кийип чыгышкан.
Пйоңчаң-2018
Учурда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз курама командасы 2 спортчу менен көрсөтүлгөн. Анда Тариэл Жаркымбаев лыжа менен жарышуу мелдешинде катышса, Евгений Тимофеев слалом жана гигант слалом боюнча мелдеште катышат. Салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз туусун Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыкты. Желек менен айкалышкан кызыл түстөгү күрмөлөрдү кийип чыккан делегация мүчөлөрүнүн башындагы ак калпак көпчүлүктүн көңүлүн алып, кызыгуусун жаратты.