Орусияда авиакырсыктан каза болгондордун бири Кыргыз жергесинде төрөлгөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири Анатолий Колодяжный 1966-жылы Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн.
"1980-жылдары Орусиянын Томск облусуна көчүп кеткен. Кийин 3 жыл аскер кызматын өтөгөн, кесиби радиотехник. Кырсык болордон мурун ал Ленинград облусундагы айылдардын биринде жашап жүргөн, артында аялы жана кызы калды", - деп жазып чыгышты орус басылмалары.
Айта кетсек, кечээ, 11-февралда Москва шаарынан Оренбург облусуна учкан учак кырсыкка учурап, ичиндеги 71 адамдын баары каза болгон. Алардын 65и жүргүнчүлөр, калган алтоо экипаж мүчөлөрү болушкан.
Кийин орусиядагы кыргыз элчилигинен каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок экени аныкталганын билдиришкен.