Венесуэлада карнавал учурунда ок атылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Венесуэланын Боливар штатынын Эль-Кальяо аймагында карнавал учурунда белгисиз адам ок чыгарып, 3 адам ошол жерден жан берсе, 5 адам жаракат алган.
Кырсыктан каза болгон 3 адам тең жаш балдар болгон. Жаракат алгандар "Тез жардам" кызматы менен жакынкы ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта полиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамды кармай элек.