Коомдук ишмер, Кыргыз Эл баатыры, мыкты кинорежиссёр, прозачы Дооронбек Садырбаев арабызда болгондо бүгүн, 13-февралда 79 жашка толмок. Анын туулган күнүнүн урматына бүгүн анын чыгармалары, эл алдында сүйлөгөн сөздөрү камтылган "Даанышман" аталышындагы 5 томдук китебинин бет ачары өтөт. Бул жаңылыкты утурлай коомдук ишмердин жубайы Сонунбүбү Көлбаеваны сөзгө тарттык.
- Дооронбек агайдын туулган күнүнө туштап, 5 томдук китебин чыгарыптырсыздар. Китепте эмнелер камтылган?
- Ооба, бүгүн "Даанышман" аталышындагы китептин бет ачары болот. Иш-чарага коомдук ишмерлер, Доорош менен чогуу иштешкендер, кыргыздын аттуу-баштуулары келет. Китепке Дооронбектин кол жазмалары, адабий мурастары киргизилди. 1-бөлүгүндө Алыкул Осмоновго арналган "Өзөктүн өртү" романы жазылса, 2-бөлүгүн коомдук иштердеги сүйлөгөн сөздөрү камтыды. 3-томдугу аңгемелер, 4-томдукта ырлары, 5-томдукка кино жаатындагы ишмердиги, сценарийлери киргизилди.
- Ырларынын, аңгемелеринин арасында сизге арналганы барбы?
- "Сонунум" деген мага арналган ырын окуй аласыңар. Андан сырткары аңгемелеринин арасында да мен жүрөм.
- Дооронбек агайды жоктоо, эстөө сизге өтө оор болгонун билебиз. Азыр бир аз коё бердиңизби?
- Мурун күнү да, түнү да ыйлап, коё бербей эле бучкактап отурчумун. Түшүмдө көрсөм кадимкидей сүйлөшүп, акыл-насаатын айтар эле. Азыр деле түшүмдө көрөм, эртең менен жеңилдеп бир башкача ойгоном, бирок эмне деп сүйлөшкөнүмдү эстей албайм. Бейшемби сайын дасторкон жайып, палоо жасап куран окутам. Кошуналар, тааныштар, туугандар да көнүп бүтүшкөн келип куран окуп кетишет. 28-май өлгөн күнүндө кой союп, алыстагы туугандарыбыздан бери чакырып, эскеребиз.
Доорош экөөбүз жаңы үйлөнгөндө "өлгөндө да жанаша жатабыз" деп сүйлөшкөнбүз. Каза болгондо "Ала-Арча көрүстөнүнө койдурбайм, мен өлгөндө жанынан жай бербейсиңер, сөөгү Байтик айылына коюлат" деп ыйлактасам, коштошуу зыйнатына келген мамлекеттик жетекчилер Доороштун жанынан жай беришкен. Азыр ал жерге роза гүлдөрүн тигип койгом. Мен өлгөндө ошол жерге коюп, "Сонунум" деген ырдан бир куплет жаздырып, сүрөтүмдү атаңарды каратып койгула" деп уулума керээз калтырып жатам.
Дооронбек Садырбаев азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Ошол айылда 7-класска чейин окуп, кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.
1995-жылдан тартып көзү өткөнчө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
13-февралдын жылнаамасы.