Кара-Суу районунда 7 адам базардан ичкен тамакка ууланышкан. Жабыркагандардын ичинде эки бала бар

12-февраль күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 5 адам жана 2 бала өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Кара-Суу райондук ооруканасынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, өздөрүн жаман сезгендер манты жеп, өрүк ширесин ичишкен.

"Бизге кайрылган 5 адамдын абалы турукташып, алар үйлөрүнө кетишти. Ал эми 2,5 жаштагы эки наристе балдар ооруканасына которулган. Учурда алардын абалы орто. Алдын ала божомол боюнча ооруканага кайрылгандар өрүк ширесине ууланышы мүмкүн", - деп билдиришти аталган ооруканадан.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жабырлануучулардын айтымында, алар базардан тамактанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
g.roza
2018-02-13 12:58:49
Базарларда эч кандай санитария жок!Кочодон ызылдап машина чанытып отуп атса жол бойунда устун ачып алып тамак сатып отурушат.Ошону алып ичип жегенден озубуз деле коркпойбуз.Тегеде Кыргызстан ээси жок чаржайыт олкого айланган.
+2
abon
2018-02-13 20:03:21
гигиена деген нерсеге маани беришпейт. тазалык сакталбайт копчулук жерде. ал го мейли Кара-Суу базарында, а кее бир мал базарларда тамактар ачык турат!
0
Birimdik5555
2018-02-15 00:32:55
Кудай шыпаа берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан