Бүгүн, 13-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрү боюнча медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта сноуборд боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бул мелдеште жалпы 12 спортчу күч сынашып, алтын медалдын ээси 17 жаштагы АКШлык Хлоя Ким болду. Ал мелдештин жыйынтыгында 98,25 упай топтоду. 2-орунда 89,75 упай топтогон кытайлык Лю Цзяюй жайгашса, 3-орунду 85,75 упайга ээ болгон АКШлык Ариэль Голд жеңип алды.
Жалпы командалык эсепте азыркы учурда Германия курама командасы 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алып алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль менен жайгашкан. 3-орунда 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси АКШ курама командасы жайгашкан.