Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бала бакчадан ооруканага жеткирилип, кийин чарчап калган бала боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бала бакчанын кызматкерлеринен жана баланын ата-энесинен түшүнүк каттарды алдык. Учурда медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Экспертизанын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Караколдо 2 жаштагы наристе бала бакчадан "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калганы маалымдалган. Ички иштер министрлигинен "алдын ала маалыматтар боюнча бала мурда суук тийип ооруп жүргөн, ошондон улам чарчап калган" деп кабарлашкан.
Кийин баланын энеси оорудан улам чарчап калды деп милиция туура эмес маалымат таратып жатат деп билдирген.