Орусиянын Тюмень облусундагы Новый Уренгой шаарында 17 жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги тарабынан 247-берене (баңгизаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу) менен кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн 58 жаштагы аял тууралуу маалымат алгач 3-февралда түшкөн. Анын Орусиянын Череповец шаарынан Новый Уренгой шаарына чейин поездге билет алганы маалым болгон. Ал 11-февралда Новый Уренгой шаарына жетери менен полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, полиция бөлүмүнө жеткирилген.
Ошондой эле орус басылмаларынын маалыматында издөөдө жүргөн аялдын көп убактан бери Орусиянын аймагында жашынып жүргөнү, жакында Кыргыз Республикасына депортацияланары айтылат.