Унаасын алдырып жиберген ырчы, акын Сагынбек Момбеков чиновниктерге нааразы

Коомдогу орунсуз жагдайларды, көмүскөдө былгып жаткан көрүнүштөрдү, мамлекет башындагылардын туура эмес иштерин ачык сындап, гитара менен ырдаган Сагынбек Момбеков учурда унаасын МАИ кызматкерлерине алдырып жиберип, кайра ала албай убара.

"Тартип болуш керек, бирок аны менден эмес, өйдө жактан баштасын" деген акын буларга токтолду:

"Учурда Таластын Бакай-Ата айылында жашайм. Борборго келгем, кечээ досум кафеге чакырган. Тамак ичип чыксам эле машинам жок. Көрсө, туура эмес жерге токтотуптурмун, аны жол көзөмөлдөө кызматы жүктөп кетиптир. Билгендер алар келгенде качып кеткенге үлгүрүшүптүр. Азыр унаамды ала албай жүрөм. Пенсиям 2500 сом, унаанын айып пулу 2000 сомдун тегерегинде экен. Айылда мынча акча кайдан? Элди да ойлош керек. Тартип болсун, бирок айып пулдун көлөмү кантет?! Муну карапайым мага окшогондор көтөрө алабы? Чыгарган мыйзам карапайым элге эле иштейт. Тартипти чиновниктер өздөрүнөн башташ керек".

Ырлары менен чындыкты чыркырата көрсөткөн ырчынын "Сат, сат", "Кайф заман", "Кайдыгерлик", "Аппак кар", "Тамаша айтсам күлөсүӊбү?", "Чыркырайт чындык" деген чыгармаларына жакында "Уялам" деген ыры кошулду. "Депутаттар коомдук транспортто жүргөндөн уялышса, мен андан да көп нерседен уялам. Кыштын кыраан чилдесинде элдин үшүп-шишип жылуулугу жок, жарыгы жок отурганынан уялам. Өз арабасын өзү кылдыратып сүйрөп жатканда, үстү-үстүнөн баскан салыкчылардан уялам. Айта берсе сөз көп", - дейт Сагынбек мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
sabyr86
2018-02-13 14:04:28
Мыйзамды сыйлоо деген болуш керек,знак эмне учун коюлат? Тоготпой барып токтойбуз да нааразыболуп чыга келебиз.
+4
karim
2018-02-13 14:14:31
sabyr86,тура айтасыз
0
arawan
2018-02-13 14:22:34
макул бузду мыйзамды бирок ошол салган штрафтын суммасын азайтсын да ошо 2000сом кимдин чонтогуно кетет бир кудай билбесе эч ким билбейт 2000сом буюжетке тушот же болбосо бир ишке жумшалат деген создор калп айып пул 500 кылсын ошол 500сом карапайым элге да коп аа чиновниктер учун акча деле эмес
0
temirov76
2018-02-13 14:54:27
анда чиновниктерге жаза жеңил болуп калбайбы,2000 деген алар үчүн ансыз деле жеңил да,айыпты мындан да көтөрүү керек ошондо правила знак дегенди күнү түнү жаттап чакчаңдаган айдоочулар тыйылар эле.
+2
adjo_krsu
2018-02-13 17:19:17
temirov76, гимндей жаттап алган менен ошол гимндин экинчи куплетинин экинчи сабын билбей туруп мыйзам кабыл алган атка минерлерибиз бар. Айтайын дегеним ошол очойгон акчаны карапайым эле толойт.
0
nargiz94
2018-02-13 14:54:48
Биз жашаган жакта(орто сай базары) байкап калам, кымбат улгудогу машиналарга тийбейт, карапайым адамдардыкын жуктоп кетип атышат. Башкалары турат, алса тегиз баарын алып кетпейт, 3-4 машинаны алып кетти. Ошого ичим куйуп атат
+2
Barclays_CR7
2018-02-13 15:04:35
ГАИлер укмуш эле иштеп жатат, откондо шаарда ЖалалАбадта Lexus 570 унаа экен,
-3
Diana-Ban
2018-02-13 15:14:49
Эрежени билбесең машине айдап айланасыңбы? Закондо эмне ырчы акынга тийбе деп жасылыпбы? Араң жүргөн кишиде унаа кайдан болсун? Бай болгур, бул жагы молдонун айтканын кыл кылганын кылба эле болуп калыптыр! Чычалабай, эң туура мен штрафты төлөп чыгарып алдым эмкиде антпеймин башкалапды да эрежени сактаганга үндөймүн, штраф аз экен 10000 кылыш керек деп койсо красиво болмок, бул сөзүңүз менен ырыңыз жөн эле заказ болгон ыр экенин билгизип койдуңуз! Аман эле болуңуз акын аке)))))
+8
Fidel
2018-02-13 15:21:43
Которуу керек 10000 минге бул аз! 2000 ойноп таабып аласын коп алдабан! Бир кафеге кирген акчан 2000-3000 500 сом кылса каалаган жерге токтото беришет ээ келсе 500 берип коём деп! Закон баарына бирдей! КР айып пул аябай низкий которуш керек! Ага чыдабасанар машина айдабай жоо пешком жургуло!
+1
salfego
2018-02-13 17:25:11
Fidel,молодец
0
nureles70
2018-02-13 15:30:21
Знакты карап коюш керек эле. Туура эмес койсонуз алып кетет да.Ар бир адам тартипти сакташ керек.Чиновникпи, карапайым адамбы.Кээде тан каласын, машинасын туура эмес жерге коюп кетип калышат.Анын азабын башкалар тартат.
0
Uli6886
2018-02-13 16:08:26
Эми, башка койбойтурган болупсузда.
0
tynara81
2018-02-13 16:11:29
Тартипти жогору жактан баштасын, антпесе мен деле закон бузсам жарашат дегениби. Араң жашап аткан адамга кайдан машина келген. Бензинге акча кайдан келүүдө. Тартип бузгандан кийин бензинге тапкан акчадан төлөп чыгарып кете бергиле.
+2
AIZAD
2018-02-13 17:10:44
Жогору жактан баштасын деп эле тартип буза берсек, биягы анархия болуп кетпейби. Кой эми чычалабай штраф толонуз!
+1
aminali
2018-02-13 18:18:11
кокус ошол жерге депутаттын же чиновниктин машинеси болгондо маи кызматкерлери жумуштан ыргымак
0
Timonbay
2018-02-13 18:51:47
Биринчиден ошол машинесин койгон жерде, токтоо тыюуу салынат деген знак барбы же жокпу аныгын билип айтсанар. Знак бар болсо кантип корбой калат, анан да жоктур балким. Егер болсо озу деле коруп ал жерге койбосо керектир.
-2
Ferdews
2018-02-13 19:19:27
Биринчиден ирээт болуш керек го дейм,машина токтоочу атайын жайлар жок бизде,эгер кафе салынган жерде, парковкасы кошо салынышы керек
0
omke.85
2018-02-14 01:56:41
Откондо бироосу чонтоко сал деп ачык эле айтты болбосо штраф стоянкага айдайм деп колдон келгенин кыл протокол жаз акчаны колуна бере албайт деп эле айттым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан