Кышкы Олимпиада оюндары, 13-февраль: Тоо лыжа спорту боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бүгүн, 13-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрү боюнча медалдар ойнотулууда. Учурда тоо лыжа спорту боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жалпы 65 спортчу катышкан мелдеште 37 спортчу гана жыйынтык көрсөтө алды. Анда австриялык Марсель Хиршер алтын медалдын ээси болду, ал 2 мүнөт 6.52 секунд жыйынтыгы менен 1-орунду багындыра алды. 2-орунда 2 мүнөт, 6.75 секунд жыйынтыгын көрсөткөн франциялык Алексис Пентюро болсо, 3-орунду дагы бир франциялык лыжачы Виктор Мюффа-Жанде жеңип алды, анын көрсөткүчү 2 мүнөт, 7.54 секунд болду.

Эске салсак, бүгүн сноуборд боюнча мелдештин дагы жеңүүчүлөрү аныкталган. Анда 1-орунду АКШлык Хлоя Ким, 2-орунду кытайлык Лю Цзяюй, 3-орунду АКШлык Ариэль Голд ээлеген.

Жалпы командалык эсепте азыркы учурда Германия курама командасы 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль менен жайгашкан. 3-орунда 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси АКШ курама командасы жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madrid7000
2018-02-13 20:53:04
Германия алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан