Чүйдө жол талашкан айдоочулардын бири экинчисин курал менен башка атып кетти

Чүй облусундагы Жайыл районунда жол талашкан айдоочулардын бири экинчисин башка атып салды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 9-февраль күнү Жайыл райондук милициясына аймактык ооруканага баш сөөгүнө октон жаракат алган адам келип түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу ооруканага барып, жабыр тарткан жарандын өздүгүн такташканда З0 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну Н.Т. экени аныкталган.

Териштирүү иштеринен кийин, 9-февраль күнү болжол менен саат 14:25 чамасында азиат түспөлүндөгү жаран жол талашып уруша кеткен соң травматикалык тапанча менен башка атып, окуя болгон жерден ак түстөгү БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен из жашырып кеткени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча "Ээнбаштык" беренеси менен иш козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 25 жаштагы Т.Т. аттуу жаран колго түшүрүлүп, текшерүүгө алганда жанынан тийиштүү документтери жок травматикалык тапанча табылган.

Учурда шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jbolotov
2018-02-13 18:00:35
Камагыла ушундай келесоолорду, травматикага ушуча болуптур огнестрельный тапанча болсо биротоло кооп кетмекго.
+16
Arlenchik
2018-02-13 18:18:25
Озунда ошондой атып жоготкула, адамдын ден-соолугуна оор залал келтиргени учун, адам омуру оюнчукбу ага окшогон ХХХХ, андайлар онолбойт, андан коро адам омуруно кол салган акмактарды коомдон тазалап эле салган жакшы.
+10
Nsh
2018-02-13 18:25:07
Камаш керек 10 жылга ошондо балким 10 жыл ойлонуп кылган иши тууралу онолот
+6
NURTILEK_KG
2018-02-13 18:54:43
Аябай эле ушундай адамдады камагылачы.1-2 айда эле бошотуп жибербей.мындай адамдардан жакшылык кутпош керек.
+6
gul3ina
2018-02-13 19:21:59
Кудайым ай келесооо эле болуп калдык го
+3
tyrgon
2018-02-13 20:22:17
ха азыр киши олтургондор боштондукта журушот анан камагыла дейсинерда
-1
Ak_Bulut
2018-02-13 21:16:36
Атты, Сузулду, Сабалды, тонолду, жоголду, орттонду, олду, жеди, жутту- Шугурлук жоктун кесепети!
0
a.sheralievic.91
2018-02-13 23:37:42
13й район болуп кетти го Бишкек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан