Ала-Бука районунда Өзбек чек арачылары Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип келип Асан Үсөнбаевди бутка атып, аны алып кеткен факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан 13-февралда кабарлашты.
Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү", "адам уурдоо" жана "адам өмүрүнө кол салуу" беренелери боюнча козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, 27-январь күнү Өзбекстандын чек арачылары Ала-Бука районундагы Ажек калктуу конушунун тургуну, 1979-жылы туулган Асан Үсөнбаевди бутка атып, Өзбекстандын аймагына алып кирип кетишкен. Өзбек тарап ал жаран чек арага мыйзамсыз киргенин жана чек арачылардын буйругуна баш ийбей качып жөнөгөндүктөн ок чыгарганын билдиришкен.
Ал эми Үсөнбаевдин өзүнүн айтымында, Өзбекстан чек арасынын эки аскери себепсиз Кыргыз жерине өтүп келип, ага карата ок чыгарган. Натыйжада ал сол жамбашынан жаракат алган. Андан кийин чек арачылар аны өздөрүнүн аймагына сүйрөп кетишип, Наманган облусундагы ооруканага жеткиришкен.
31-январда туугандарынын аракети менен Үсөнбаев Кыргыз жерине алынып келген. Дарыгерлердин айтымында, Үсөнбаевдин сол жамбашын ок жанчып кеткендиктен, аны алдыда 3 жолку операция күтөт жана саламаттыгы толук калыбына келүүгө бир топ жыл керектелет.