Бишкек ШИИББи: "1 жаш 8 айлык кызды жана апасын сүзүп кеткен жаран 2 айга камакка алынды"

Бишкекте 1 жаш 8 айлык кызды жана апасын сүзүп кеткен жаранга кылмыш иши козголуп, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Жол кырсыгы болгон күнү эле, 9-февралда эне-баланы сүзүп кеткен айдоочу 33 жаштагы Ж.Р. аттуу жаранга кылмыш иши козголгон. Ал эми 11-февралда сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон 1 жаш 8 айлык баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кийин дарыгер наристе кыздын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Djal1987
2018-02-13 18:15:54
Инстаграммга кирсен бут эле кырсык кырсык шоферлордун айынан. Депутаттар болсо уялат маршурттан
+3
daiyrbek01
2018-02-13 18:22:47
Кандайча 11 январда болуп калат
-2
toolos1982
2018-02-13 18:45:36
daiyrbek01,Февралда деп эле туратго
-1
1919
2018-02-13 19:11:07
Видеосунда туз эле барып сузуптур.
+2
Timonbay
2018-02-13 19:15:56
2_ ай дейби, мынча коп.
+1
taalay25
2018-02-13 20:42:20
Timonbay, камалган жок. Убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Иши сотко откончо ошол жерде болот эми
0
karakulja
2018-02-13 20:58:07
Timonbay,2 айда баалашышат эркиндикти.. 1000&-10000&га жеткиче 2 ай керек
+2
Ask094
2018-02-13 19:17:58
Эки айда канча акча предлогать этет аны кутуш керек да. Биздин соттор эн адилетту соттор го. А депутаттарыбыз эн эле таза чын журоктон кызмат кылчу адамдар
+6
Aman-moskva
2018-02-13 23:00:43
Эки ай эмес 10 жылга камаш керек
0
Bale
2018-02-14 01:36:33
ээ тууй 2айга УБАКТЫЛУУ кармады деп туратко...соттойт анан анан кетет 5 ж 7 деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан