Бүгүн, 12-февралда Бишкекте эки адам имараттан кулап кетип бири каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, алар саат 11:10 чамасында Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн кесилишиндеги жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде иштеп жатып түшүп кетишкен. Оор жаракат алып, учурда ооруканада жаткан В.Порубаев 30 жашта болсо, каза болгон адам Д.Клинберзин 36 жашта болгон.
В.Порубаев дароо Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын баш мээси чайкалып, бир канча жеринен оор жаракат алган.