Жол кырсыгынан аялы каза болуп, наристе кызынын бир буту кесилген жаран кызы апасын сагынып ыйлап жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.
“Ошол күнү мен "Дордой" базарында иштеп жаткам. Саат 12:14тө мага "аялыңыз менен кызыңызды унаа сүзүп кетти" деп чалышты. Жол кырсыгы болгон жер менен "Дордой" базарынын аралыгы жакын эле болгондуктан 5 мүнөткө жетпей эле келип калдым. Келсем окуя болгон жерди милиция тегеректеп, “Тез жардам” кызматы келип калыптыр. Жаракат алган кызымды ошол жердеги адамдар чач кырккан жайга алып кирип кетишиптир. Аялымды сыртта дарыгерлер карап жаткан экен. Кийин дагы бир “Тез жардам” кызматынын унаасы келип ага кызымды салып, андан мурун келген унаага аялымды салып ооруканага алып бардык”, - дейт каза болгон келиндин күйөөсү Жыргалбек Чотонов.
Учурда бөбөктү дарыгерлер жандандыруу бөлүмүнөн палатага которушкан.
"Аялым экөөбүздүн ортобуздагы жалгыз кызыбыз болчу. Али эмчектен чыга элек эле, сүт эмем деп апасын эстеп ыйлап жатат. Апасынын каза болгонун билбейт. Эми кызымдын абалы жакшы болуп кетсе эле болду”, - дейт Жыргалбек Чотонов.
Ал эми Жыргалбектин коңшулары менен сүйлөшкөнүбүздө, алар күтүүсүз кырсыкка кабылган үй-бүлөгө жардам катары акчалай жардам чогултуп жатышканын айтышты.
"Бул жакта Жыргалбек байке батирде турат экен. Жол кырсыгынан улам аялынан ажырап, кызы да оор абалда ооруканада. Биз сүйлөшүп Жыргалбек байкенин үй-бүлөсүнө колубуздан келген жардамыбызды берели деп чечтик. Учурда ооруканада дарыланып жаткан наристеге колубуздан келген жардамыбызды берели деп акча чогултуп жатабыз. Кайдыгер карабаган жарандардан да жардам күтөбүз", - дейт жергиликтүү тургун Мунара Исаева.
Учурда бир бутунан ажырап медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан наристеге жардам берүүнү каалагандар болсо, 0771 81 76 15 номери аркылуу Жыргалбекке байланышса болот.
Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Ал өзү алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.