SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү жаш режиссёр Келсинбек Атабековдун "Энеке" аттуу кыскаметраждуу тасмасы менен толукталды.
Андагы башкы каармандардын ролун Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турганбүбү Бообекова, жаш актриса Таттыбүбү Бексултанова жана актёр Анвар Осмоналиев жаратышты. Фильмдин режиссёру Келсинбек Атабеков режиссёрлук билим алып, "Энеке" аттуу тасмасын дипломдук иши катары тартканын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү тарабынан жогору бааланганын айтат.
"2016-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин режиссёрлук бөлүмүн аяктап, дипломдук ишим катары тарткан элем. Фильмдин сценарийи маркум, жазуучу Айгүл Шаршен кызынын "Эненин көз жашы" деген китебинен алынган. Башында толук метраждуу тасма болгон, бирок дипломдук ишим болгондуктан кыскартууга туура келди. Тасмада жаштардын туура эмес жолдо жүргөнүн чагылдырып, ар бир көрөрманга жеткиликтүү ачып бере алдык деп ойлойм. Ошол эле жылы Эрнест Абдыжапаров уюштурган иш-чарада "Мыкты мырзанын ролу", "Мыкты сүрөтчү" деген наамдарды алууга жетиштик. Буюрса, толук метраждуу тасма тартып, эл аралык кинофестивалдарга катышууну пландап жатам", - дейт жаш режиссёр.
Фильмдин кульминациясы деп улгайып калган энесинин баркын билбеген уулу аракечтиктин айынан абакка отуруп чыкканын айтса болот. Ошондой эле ал баласы Орусияга барып иштеп, ал жактан кош бойлуу келинди ээрчитип келет. Мындан ары окуя курчуп, ата-эненин баркын билбеген уулу тагдырдын оор сыноосуна кабылат. Өмүрү өкүнүч менен коштолот...
"Энеке" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.