Чемпиондор Лигасынын ⅛ финалдык баскычындагы алгачкы беттештердин кызыктуусу болгон Италиянын “Ювентус” футболдук клубу менен англиялык “Тоттенхэм" футболдук клубунун ортосунда кызуу оюн болуп өттү.
Ышкырык жаңырып оюн башталганына 2 мүнөт болгондо стандарттык абалдан көтөрүлгөн топту Игуаин алыскы тогуздукка багыттап эсеп санын ачты. Оюндун 8-мүнөтүнө келгенде Бернардески 11 метрлик айып соккусун иштеп таап, Игуаин эсепти 2:0гө айлантты. "Тоттенхэмдин" удаа-удаа коюлган кооптуу чабуулдарынан кийин "Ювентус" коргонууга ыктап, топ италиялыктардын аймагында көбүрөөк ойнолуп жатты. Англиялыктардын тынымсыз жасаган кооптуу чабуулдарынын бири 35-мүнөттө мүдөөсүнө чыгып, Харри Кейн эсеп санын 2:1ге айлантты. Биринчи бөлүктүн акыркы мүнөтүндө "Ювентус" дагы бир 11 метрлик айып соккусун иштеп тапты. Бул жолкусунда Игуаин ийгиликсиз болуп, топ дарбазага тийип "Тоттенхэмди" 3-голдон дарбаза темири сактап калды.
Экинчи бөлүк биринчи бөлүккө караганда жай ыргакта башталды. Топ эки тараптын аймагында бирдей ойнолуп жатты. Оюндун 72-мүнөтүндө жаны тынбаган Эриксен Буффондун дарбазасына таамай сокку узатып эсеп сандарын 2:2ге өзгөрттү. Топту көбүрөөк көзөмөлдөгөн "Тоттенхэм" командасы коргонууга ыктап, топту көбүнчө ортоңку аймакта сактоо менен 2:2 эсебин сактап калууга аракет кылып жатты.
Финалдык ышкырык жаңырды, оюн 2:2.
Жооптук беттеш 8-март күнү болот, анда "Тоттенхэм" "Ювентусту" өз үйүндө кабыл алат. Кийинки баскычка ким чыгары ошол Уэмбли стадионунда чечилет.