Бишкек шаарында милициянын ага лейтенанты гашиш баңгизатын алып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 9-февраль күнү ИИМдин Тергөө кызматы жана Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында издөө-иликтөө иштери уюштурулган. Издөө иштеринин натыйжасында 1979-жылы туулган милициянын ага лейтенанты О.Б. кармалып, текшерүүгө алган учурда чөнтөгүнөн скотчтолуп оролгон 30 таңгак белгисиз зат табылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында анын салмагы 442 грамм 61 миллиграммды түзгөн гашиш экени аныкталган.
Иликтөө иштери уланып, бул ишке катыштыгы бар деген шек менен 1970-жылы туулган О.Н. жана 1965-жылы туулган М.К. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.
Бул факт боюнча 247-берене менен кылмыш иши козголуп, 3 жаран тең тергөө иштери аяктаганча 2 айга камакка алынган. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.