Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков өңдүү мега ырчыларды таптаган белгилүү продюсер Канат Култаев мындан 2 жыл мурда көз күйдүргөн жигиттерден турган "Заман" деген топ түзгөн. "Топтун алгачкы курамындагы 5 мырзанын саны кыскарды. Мындан ары трио катары эл алдына чыгат" деген топтун продюсери Канат Култаев бул чечимге эмне себептен келгенин SUPER.KG порталына билдирди.
"Буга чейин жеке ырчыларды гана тарбиялагам. Кыргыз шоу-бизнесине жаңылык киргизүү максатында 2 жыл мурун жаштардын табитине туура келген "Заман" деген топ түзгөм. Албетте, бул нерсе бир жагынан өзүмө жаңылык, бир жагынан эксперимент болуп жатат. 2 жыл деле оңой убакыт эмес, бул аралыкта топтун курамында орун алмашуулар болуп жатты, мындан ары деле болушу мүмкүн. Ал эми топтогу жигиттердин азайганы тууралуу мындай дегим келет. Топто иштөө оңой эмес. Ар биринин ар кандай кыялы бар, ата-энелери башка, мүнөздөрү бири-бирине окшобойт дегендей. Чыдагандар калат, кыйналып же топто иштегенге каалоосу болбой жатса, же чыгармачылыктан аксап жатса, мен эч качан алардын топто калуусун, андан ары иштешүүсүн суранбайм. Ортодо келишим бар. Келишимдеги эрежелер бузулса юридикалык жактан сүйлөшүү болот. Мен эч качан, эч кимди жоопко тартып соттошкум келбейт. Ал эми биздин юристтер кандай чечим кылышат, алдыда убакыт көрсөтөт. Мындан ары Нурислам, Курманбек жана Куба аттуу балдар "Заман" триосу катары чыгармачылыкты уланта беришет", - дейт ал.
Учурда бул топтун репертуарында 5 ыры жана 1 клиби бар.