Америкалык актриса Мелани Гриффит тери рагынан жабыркап, роль жаратуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

60 жаштагы америкалык актриса Мелани Гриффит бет жүзүнө жасалган ийгиликтүү операциядан кийин коомчулукка чыкты. Рак шишигине Голливуд жылдызы 2009-жылы кабылган. Дарыгерлер Мелани Гриффитке тери рагынын башталгыч баскычы деген аныктама берип, алгачкы ирет операция жасалган. Ошондон кийин актриса күндүн нурунан коргонуп жүргөн. Биринчи операциядан кийин Меланинин көзүнүн алды көгала тартып калган. Мындан улам коомчулукта жолдошу Антонио Бандерас киножылдызга кол көтөрөт деген кептер жайылган.

Рак шишиги актрисанын көзүнүн алдында пайда болгондуктан, дарыгерлер тез арада хирургиялык кийлигишүү жасоо керектигин айтышкан. Мелани Гриффиттин пресс катчысы Робин Браун Associated Press агенттигине: "Актрисанын тери рагына кабылганы эрте аныкталгандыктан, дарыгерлер анын жүзүн сактап калууга үлгүрүшкөн. Бирок бул илдеттен толук кандуу арылууга мүмкүн болбой жатат", - деп билдирген.

Ушул жылдын январь айында дарыгерлер Голливуд жылдызынын мурундун шишигине кабылганын аныкташып, оор операция жасашкан. Операциядан кийин ден соолугуна көңүл бөлүп, калыбына келүүнүн ордуна Вена балында жаркырагысы келген актрисанын каалоосу күчтүүлүк кылып Австрияга сапар алган. Кызыл килемден өткөн атактуулардын арасында Мелани Гриффит Вена балынын жылдызына айланган. Актриса макияж менен жүзүндөгү операциядан кийинки такты жашырууга аракет кылганы менен, папараццичилердин кылтагына илинген.

Кошумчалай кетсек, 2015-жылы Мелани Гриффит актёр Антонио Бандерас менен ажырашкан. Экөөнүн ортосунда Стелла аттуу кызы бар. Мындан тышкары актриса мурунку никесинен Александр деген жана талкуу чордонундагы "Караңгылыктын 50 кыры" тасмасынын жылдызына айланган Дакота Жонсон аттуу балдарды тарбиялап келет.

Пластикалык операциянын кызматын чегинен ашып колдонуу Мелани үчүн жакшылык алып келбеди. Кийинки учурларда өзүн күндүн нурунан калкалап калган актриса тасмаларда роль жаратуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан