Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги жөө адамдар өткөн белги бар жерде кырсык көп болот. Мындай кабарды ошол жерге жакын жашаган жашоочулар 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткенинен улам айтып беришти. Кырсыктан 34 жаштагы келин көз жумса, бөбөктүн өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер анын бир бутун кесишти.
Бул каргашанын күбөлөрү дал ушул жерде катталган бир канча кырсыктарды көргөндүктөрүн SUPER.KG порталына билдиришти.
"Бул жерде №46-мектеп жана №21-дүлөйлөр жана дудуктар интернаты бар. Алар эч нерсе укпайт, унаанын үн белгисин да уга алышпайт. Негизи Элебесов-Витебский көчөсүнө 2013-жылы эле жол чырак коюлсун деп каражат бөлүнгөн, ошол кездеги мэр Кулматов өзү кол койгон. Бирок ал жол чырак башка жакка коюлуп калган. Ошондон бери жол чырак жок, эми минтип адамдар кайра-кайра кырсыкка кабылып көз жумуп жатышат", - дейт аймактык комитеттин жетекчиси Екатерина Плеханова.
Окуянын күбөлөрүнүн бири Ырыскелди Артеловдун айтымында, жолдун ортосуна жөө жүргүнчүлөр үчүн белги чийилгени менен, жол жээктеринде адамдар үчүн ыңгайлуулук да коопсуздук да сакталган эмес. Мындан тышкары ал жерден жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн токтогон унаалар өтө аз, көбү жогорку ылдамдыкта айдап өтүп кетет.
"Ал жерде жол кырсыктары көп болот. Оор жаракат алгандар болбогонгобу, айдоочулар өздөрүнчө чечишип алып, андан ары жолун улап кетишет. Мындан улам бул жердеги унаалардын сүзүшүүлөрү каттоого алынбай, билинбей калат. Жол четтеринде тосмо, жөө адам аллеядан өтүүгө шарттар түзүлгөн эмес. Артыңды карасаң эле чуңкур арык, балалуу адам эмес, жөн адам өтүүдө кооп жаратат", - дейт Артелов.