Актриса Женнифер Энистон кошунасын тыңчылык кылды деп айыптады

Америкалык актриса Женнифер Энистон жана анын жолдошу актёр Жастин Теру кошунасы Норман Ресникауну сотко берди.

Актрисанын айтуусу боюнча, кошунасы Норман анын артынан дайыма аңдып жүргөн. Ал өз үйүндө да кооптуу абалда жашап жатканын билдирген. Норман Ресникау атактуу айымдын үйүнөн чыкканына, кайтып келгенине байкоо салып жүргөн. Алтургай терезеден сүрөткө тартып алып жүрүптүр. Атактуу түйгөйлөр кошунасы Нормандын колундагы фотоаппаратты жана анын объективи киножылдыздар жашаган батирге багытталган сүрөттү далил катары көрсөтүп, кошунасына доомат коюшту. Учурда жеке жашоолоруна "чабуул" жасаганы үчүн жан шериктер кошунасынан ири суммадагы каражат талап кылышууда.

Кошуналардын ортосундагы сериалга айланган "согуштун" биринчи раунду өткөн жылдын жаз мезгилинде болгон. Анда Норман Ресникау атактуулардын ити тынчтык бербей жаткандыктан үн өткөрбөөчү курулуш каражаты менен камсыздап берүүсүн талап кылган. Ал эми актёр дагы четте карап турбай үйүнүн оңдоп-түзөө иштерине тоскоолдук жаратып, түн ортосунда курулушчуларга кол салган видеону көрсөтүп, кошунасына айып таккан.

Бир нече жыл мурда Жастин Теру менен Норман Ресникау бири-бирин дос катары сыйлап жүрүшкөн. Жакын санаалаштардын мамилесин курулуш иштери бузду өңдөнөт. Женнифер Энистондун жакындарынын билдирүүсүнө караганда, акыркы күндөрү таттуу түгөйлөрдүн ортосундагы мамиленин салкындап баратканы кошунасынын айынан экен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kuba.kq8705
2018-02-14 11:08:42
кошунан жаман болсо кочуп кет деген соз бар кыргыз элде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан