Бишкектин Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилиши тарапта турак үй өрттөнүүдө. Кырсыктын күбөсүнүн SUPER.KG порталына билдиргенине караганда, өрт бүгүн, 14-февралда эртең менен башталган. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз.
"Учурда өрт өчүрүүчүлөр келишти. Алдын ала маалымат боюнча, ал үй кийим тигүүчү цех болгон. Милиция кызматкерлери да жүрөт. Ал эми "Тез жардам" кызматы "түтүнгө ууландым" деген коңшу жашаган аялга жардам көрсөтүп жатат", - дейт күбө.