Бишкектин Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги өрт өчүрүлдү (фото)

Бишкектин Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги кийим тигүүчү цехте чыккан өрт чектөөгө алынды. Учурда өрт өчүрүүчүлөр майда очокторду өчүрүп жатышат. Цехтин ээсинин айтымында, цехтин иштеп жатканына 6-7 ай болгон. Ал эми ошол жерде жашагандар цехтин иштеп жатканына 2-3 жылдан ашып калганын айтышууда.

"Эртең менен цехте эч ким жок болчу. Кандайча өрт чыкканын билбейм. Тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканын өрт өчүрүүчүлөр аныкташат", - дейт цехтин ээси.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кароол башчысы Руслан Бекишовдун билдиришинче, өрт тууралуу маалымат саат 07:58де келип түшкөн.

"Биз бул жерге 08:04тө келдик. Кийинки экинчи машинаны чакырдык. Саат 08:57де тилсиз жоо чектөөгө алынып, өчүрүлдү. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз", - дейт Бекишов.

Айта кетсек, бүгүн, 14-февраль күнү эртең менен Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги кийим тигүүчү цехте өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен коңшу жашаган бир аял "түтүнгө ууландым" деп "Тез жардам" кызматына кайрылган.

Жибек жолу Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкты 3
"Эшик сыртынан бек, күйүп кетемби деп корктум"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан