Бүгүн, 14-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта сноуборд боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бул мелдеште 12 спортчу күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында алтын медалдын ээси АКШлык Шон Уайт болду, ал өзүн мыкты көрсөтүп 97,75 упайга ээ болду. Күмүш медалдын ээси япониялык Аюму Хирано болду, ал 95,25 упай топтоду. Коло медалды 92 упай топтогон австралиялык Жеймс Скотти жеңип алды.
Жалпы командалык эсеп
Жалпы командалык эсепте азыркы учурда Германия курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы 4 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль менен жайгашкан. 3-орунда 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси АКШ курама командасы жайгашкан.