"Супер хитке" ырчы Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы кошулду. "Бул багы жок клип болду" дейт ырчы

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна ырчы Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы кошулду. Ырчынын айтымында, аталган ырдын клибин тартуу иштери бир топ кыйынчылыктарды жана убакытты талап кылган.

"Клипти тартуу иштерин жайында баштаганбыз, улам сценарийи өзгөрүп кетип жатып, кышында араң аягына чыктык. Идеясы режиссёр менен дос балдарыма таандык. Көпчүлүк бул клиптин маанисин түшүнбөйт экен, бирок жакшылап байкаса терең маанини камтый турганын түшүнүшөт. Клипке каскадёрлор тартылып жаткан учурда алар жабыркаган жокпу деп абдан кооптонуп жаттык. Анан баш каарман сууга чөгүп кеткен эпизодду аткаруудан баш тартып, көчөдө кетип бара жаткан эле бир белгисиз баланы тартканыбыз эсте калды. Негизи клип бир топ убакыт менен кыйынчылыкты талап кылды. Тактап айтсам, багы жок клип болду. Эч эле тартуу иштери бүтпөй, сценарийи улам сайын өзгөрүп, айтор көп эмгек сарптадык. Бирок эл мындай чоң эмгек менен жаралган клиптерди баалабайт окшойт. Менимче, жеңил-желпи, түшүнүүгө оңой клиптер көп кароо топтойт", - дейт ырчы.

7-ФЕВРАЛДАН 14-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" ыры бул ирет эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы өткөн аптага салыштырмалуу 2 тепкичке төмөндөгөн.

8-орунда - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" чыгармасы.

7-орунду - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы ээлеген.

6-орунга - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы ээ болгон.

5-орун - Мурунку аптада жеңүүчү аталган Аваз Акимовдун "Бийчи кыз" чыгармасы бул ирет 5 тепкичке төмөндөгөн.

4-орун - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы өткөн аптадагы ордун сактап калган.

3-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунда - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы жайгашкан.

1-орун - Мурунку аптада тизмеге жаңыдан кошулган Дайыр Исмадияровдун "Кош бол, сүйгөнүм" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aselushka
2018-02-14 11:19:49
Багы жок деп баласын айткандай кайгырыптыр, кийинки ырын бактылуу таалайлуу болсун, кармашкан колдору узулбосун ырын менен клиптин
+3
Dembele84
2018-02-15 04:26:27
Ильяздын ырын уга берип тажабайсын,хит 100%
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан