Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында үйүнө аты келип өзү дайынсыз болуп жаткан 44 жаштагы тургун тууганынын үйүнөн табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"13-февраль күнү Баш-Кайыңды айылынан 44 жана 42 жаштагы 2 тургуну атчан райондун борбору Ат-Башы айылына барышкан. Кайра Баш-Кайыңды айылына бөлөк-бөлөк чыгышкан, 42 жаштагы тургун үйүнө аман-эсен келген. Ал эми 44 жаштагы жарандын үйүнө аты өзү келип ээси издөөгө алынган. Аны издөөгө саат 22:00дө 47 адам тартылып, издөө иштери саат 01:00гө чейин уланган. Бүгүн, 14-февралда белгилүү болгондой дайынсыз болуп жаткан жаран Ат-Башы айылындагы туугандарынын үйүндө түнөп калганы белгилүү болду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.