Бишкекте кыз-келиндер арасында футзал боюнча өлкө кубогу өтөт

2018-жылдын 19-февралынан 23-февралына чейин “Sun City” спорткомплексинде кыз-келиндер арасында футзал боюнча өлкө кубогу өтөт. Мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан 8 команда катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеште командалар эки тайпага бөлүнүп оюн өткөрүшөт.

"А" тобунда "Ысык-Көл облусу", "СДЮШОР СИ", "ФЦ", "Южанка" командалары жайгашты.

"В" тобунда "Каракол", "ЧО СДЮШОР", "Азалия", "Юг" командалары кирди.

Тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар бири-бири менен кез келип, финалчылар аныкталат. Финал 23-февраль күнү саат 11:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlan2196
2018-02-14 14:03:58
Кыздарга ийгилик. Спорт адамды эн туура жака тарбиялайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан