Аксы районунда мамлекеттик чек ара режимин бузган Молдованын эки жараны кармалды

Аксы районунун Сары-Көпүрө жергесинде мамлекеттик чек ара режимин бузган Молдованын эки жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү чек арачылар тарабынан 1976-жылы туулган Ю.П. жана 1969-жылы туулган А.Ш. аттуу жарандар кармалган. Алар Молдованын жарандары болушкан. Айтымдарында, Өзбекстанга өтүп кетүүнү максат кылышкан.

"Молдованын жарандары Кыргыз өлкөсүнө 2017-жылдын апрель айында Тажикстандан келишкен. Алардын каттоо мөөнөтү 2018-жылдын январь айында бүткөндүктөн учурда алар өлкө аймагында мыйзамсыз жүрүшкөндүгү белгилүү болду. Тиешелүү документтер толтурулган соң чет өлкөнүн жарандары УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isco23
2018-02-14 15:06:41
Кое бергиле мыйзам иштебейт
0
karakulja
2018-02-14 15:59:32
Азаматсынар!
0
azim14
2018-02-14 16:43:40
Озбек туугандар болгондо кармабай эле акырын озунун жерине откоруп коймоксунар
0
aerforce
2018-02-14 16:55:56
Молдовандарга эмне жок Аксыда)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан