Хорватиянын Карловац шаарында өткөн кикбокс боюнча Ачык Европа кубогунда Кыргыз мушкерлер 5 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
"Мелдешке жалпысынан 39 өлкөнүн спортчулары катышып, чемпиондук кур үчүн күч сынашты. Кыргыз спортчулары бул мелдеште 3 алтын жана 2 коло медаль жеңип алышты. Анда Шехзод Кубатов, Муса Паншаров жана Чыңгызхан Алмазбек уулу 1-орунду ээлеп, чемпиондук курларды тагынса, Ахмед Гузиров жана Сыймык Мелисов коло байгелердин ээси болушкан", - деп билдиришти.