Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Орусиядагы беттеште жеңишке жетти

Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн профессионалдык бокс боюнча мелдеште колумбиялык мушкерди жеңип алды. Бул таймаш кеченин негизги беттеши деп саналган.

59 килограммга чейинки салмак ченинде орун алган, 8 раунддук беттеште мекендешибиз Акжол Сулайманбек уулу колумбиялык Девис Перес менен туш келди. Бул беттеште Кыргыз спортчубуз атаандашына мүмкүнчүлүк бербей, өзүнүн чеберчилигин көрсөттү. Акжол Сулайманбек уулу беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн өзүн мыкты көрсөтүп, атаандашын жеңилүүгө аргасыз кылды. 3-раунд бүткөн соң колумбиялык мушкердин машыктыруучусу 4-раундга шакиртин чыгарган жок.

Муну менен Акжол Сулайманбек уулу жеңүүчү аталып, өзүнүн эсебине 10-жеңишти жазды. Буга чейин Акжол 9 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен, анын ичинде 4 беттеште атаандашын нокаутка учураткан.

Ошондой эле бул мелдеште 57 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир Кыргыз спортчубуз Эржан Тургумбеков катышып, орусиялык Владислав Хоритонцев менен туш келди. Бул беттеш эки спортчуга тең алгачкы болуп эсептелген. Беттештин жыйынтыгында Тургумбеков калыстардын чечими менен орусиялык спортчуну жеңип алды.

Эске салсак, Акжол Сулайманбек уулу Азиянын бокс кеңешинин чемпиондук курунун ээси. Акжол 2-майда Орусияда өткөн "Extra Round 2" мелдеште орусиялык Денис Лашинге туш келип, 8 раунддук тирештин жыйынтыгында упай катыштыгында жеңүүчү аталган.

Акжол Сулайманбек уулу & Девис Перез 13/02/2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kaary
2018-02-14 15:41:54
Эркек! Азаматсың! Алга! Ийгилик!
+5
salimbek87.kg
2018-02-14 15:53:43
Азаматсын ийгилик дайыма коштоп жүрсүн Аллах өзү колдосун.
+5
Talantbek1994
2018-02-14 16:36:04
Бизден дагы оор салмакта бокс боюнча дүйнө чемпиону чыгат болду бекен?
+3
eldar96
2018-02-14 21:20:24
Азамат
0
BekAmir
2018-02-14 22:47:06
Азаматсын
0
Dalil
2018-02-14 23:15:53
Азаматсың Акжол Кыргызстандын атын чыгарып жүрө бер. Сени менен сыймыктанабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан