Каракол шаарында маңзаттарды мыйзамсыз алып жүргөн адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун тургуну маңзаттарын мыйзамсыз сатып жүрөт деген маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринен кийин ал мурда "уурулук" боюнча эки жолу соттолгон 40 жаштагы Х.А. экени аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын жүргөн жери аныкталып, издөө иштери башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Каракол шаарынан коомдук унаада 10 килограмм гашишти алып бара жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Кармалган жаран шаардан эч ким менен кезикпегендиги жана өзү баңгизатын колдонбой турганын айткан.
Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.