14-февраль күнү №199-каттамдагы жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен Субару Форестер унаасы кагылыша кетти. Кырсык түнкү саат 21:30 чамаларында Бишкектеги Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен маршруттук таксиде бараткан үч адам жаракат алып, алар ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен 20 жаштагы жарандын баш мээси катуу чайкалып, башы канап кеткен.
Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы кырсык боюнча тийиштүү экспертизаларды дайындап, териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, маршруттук таксинин айдоочусу жол чырагынын кызыл белгиси күйүп калганына карабай өтүп кетүүгө аракет кылганда Токтогул көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй келе жаткан Субару Форестер унаасы маршруттук таксинин оң капталынын арткы бөлүгүнө сүзгөн. Мындан улам маршруттук такси жол четиндеги тосмолорду талкалап кетип, каптал тарабы менен бакка урунган.