Орусиялык кёрлинг спортчу Брызгалова Кышкы Олимпиада оюндарында секс-символ аталууда

Орусиялык Анастасия Брызгалова жана Александр Крушельницкий кёрлинг боюнча алгачкы олимпиада медалын камсыздаганы үчүн дүйнөлүк спорт тарыхында ысымдары айтылып калды. Бирок элдин эсинде бул спортчулар ийгиликтүү кадамы менен гана калган жок. Анткени Анастасия Брызгалованы Голливуд жылдызы Анжелина Жолиге жана Меган Фокско окшоштуруп, алтургай социалдык тармак аркылуу сүйүүсүн билдиргендер, моделдик кесипти сунуштагандар да болду.

Пйоңчаңдагы Кышкы Олимпиада оюнундагы ийгилигинен кийин кёрлинг оюнчусунун Инстаграм социалдык баракчасына катталгандардын саны 1 күндүн ичинде дароо эки эсеге көбөйгөн. Ошондой эле миңдеген адамдардын кёрлинг оюнуна болгон көз карашы өзгөргөн. Социалдык тармактын колдонуучулары:

"Кёрлинг десе чачы суюлуп, түшө баштаган картаң эркектер ойноп жаткан спорттун түрүн элестетчүмүн. Бирок Анастасия Брызгалова америкалык актриса Меган Фокско окшош экен. Ошондон улам кёрлинг оюнун кокустан эле жактырып калдым", - деген билдирүүсүн калтырган.

"Орусиянын кёрлинг командасын Анжелина Жолиге опокшош болгон Анастасия Брызгалова баштап жүрөт экен", "Мен АКШнын командасына күйөрмандык кылам. Кёрлинг оюнун жакшы деле түшүнө бербейм, бирок Анастасия Брызгалованын оюнунан кийин чыныгы фанаты болдум" десе, дагы бир колдонуучу: "Анастасия Брызгалова - Кышкы Олимпиада оюндарын жактырып калуунун негизги себеби болуп калды, ал секс-символ деп аталууда", - деген комментарийлерин жазышкан.

Чет элдик күйөрмандардын арзуусуна айланып, 1 күндүн ичинде атагы арткан Анастасия Брызгалова 1992-жылы 13-декабрда Орусиянын Ленинград шаарында төрөлгөн. Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери, "Адамант" спорт клубунун оюнчусу.

2017-жылдын июнь айында кёрлинг оюнчусу Александр Крушельницкийге турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aima94
2018-02-15 08:05:19
Жолинин өзү гооо сулуу экен
+3
Drongo
2018-02-15 09:46:04
Чындыгында жакындан корсон суроттогудон да сулуу.Жолдошу экоо абдан сымбаттуу тугойлор."Бардын баркы жок"-деген ушул да,мурунтан билинбей журду эле Россияда.Эн алгачкы чемпиондукту алып берди Россияга,орустар жерге сууга тийгизбей мактап жатып калышты.Бирок бул экоонун атагын чет олколуктор чыгарды,интернет аркылуу эки эсе.
+4
BakytAliev
2018-02-15 09:47:02
Актриса дгден адашып кетипсинер админдер
0
aszyma
2018-02-15 09:50:58
Сулуу экен. Чынында. Кандай медаль тагынды булар?
+1
ZhanMM
2018-02-15 09:57:40
aszyma, коло медал
+2
Isco23
2018-02-15 12:54:27
Охииии го. Суктанасын чиркин. Коруп отуруп уже болуп ийгенсин сразу)))))
0
realliver
2018-02-15 19:07:06
Свиииииип деп кыйкырганы жакты))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан