"Ош" аэропортунда чек арадан мыйзамсыз өткөн Тажикстандын жараны кармалды

14-февраль күнү "Ош" аэропортунан мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Тажикстандын жараны кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн кабарлашкандай, Тажикстандын 1980-жылы туулган Р.К. аттуу жаранынын паспортуна басылган мөөр жасалма экендиги аныкталды.

"Москва-Ош каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүүдө анын жалпы жарандык паспортунда басылган мөөр жасалма түрүндө экендиги аныкталды. Мөөрдө "Ош" аэропортунан учкандыгы тууралуу маалымат өзгөртүлгөн. Кармалган жарандын айтуусу боюнча, ал Орусияда жүрүү мөөнөтүн узартуу максатында мөөрдөгү белгилерди өзгөрткөн", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын жараны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан