14-февралдан 15-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын ⅛ финалдык оюндарында "Реал Мадрид" футбол клубу менен франциялык "ПСЖ" кез келди. Анда эсеп 3:1 эсебинде мадриддиктердин пайдасына аяктады. Оюндун жүрүшүндө "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду өзүнүн клубу үчүн 100 жана 101-голун киргизди.
Айта кетсек, Лионель Месси еврокубоктун башкы турниринде "Барселона" үчүн 97 гол киргизген.