Индияда "7 жаштагы баланы өлтүрүп, жансыз денени чемоданга салып катып койгон" деп шектелген жаран кармалды

Индияда "7 жаштагы баланы өлтүрүп, жансыз денени чемоданга салып катып койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, окуя Индиянын Нью-Дели шаарында болгон.

"7 жаштагы Ашиш Саини 7-январь күнү дайынсыз жоголгон. Баланын денесин 13-февралда, анын ата-энесинин үйүн ижарага алып жашаган 27 жаштагы Авдеш Сакьинин үйүнөн табылган. Тергөө иштери аныктагандай, Авдеш маркум Ашиштин ата-энеси менен жаман мамиледе болгон. Мындан улам ал баланы уурдап кетип, ал үчүн акча талап кылгысы келген. Бирок дайынсыз жоголгон баланы полиция кызматкерлери издей баштаганда ал коркконунан баланы өлтүрүп салган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан