Кышкы Олимпиада оюндары: Бешинчи мелдеш күнүнүн жыйынтыгы

13-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын бешинчи мелдеш күнү жыйынтыкталды.

Анда кышкы спорттун 4 түрү боюнча медалдар ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

  • Лыжа жарышы;
  • Чана спорту;
  • Сноуборд;
  • Коньки менен чуркоо;

Чана спорту

Чана спорту боюнча мелдеште 2 спортчудан турган 20 команда катышты. Алтын медалдын ээси германиялык Тобиас Вендль жана Тобиас Арльт болушту, алар марага 45.877 секундга жетип мыкты көрсөткүчтү көрсөтүштү. 45.894 секунд жыйынтыгын көрсөткөн австриялык Петер Пенц жана Георг Фишлер 2-орунду ээлешти. 3-орунду дагы бир германиялык команда жеңип алды, анда Тони Эггерт жана Саша Бенеккен 46.056 секундда жыйынтыктап коло байгенин ээси болушту.

Лыжа жарышы

Лыжа жарышында 47 спортчу 10 чакырым аралыкка жарышты. Анда марага алгачкы жетип алтын медалды тагынган спортчу германиялык Эрик Френцель болду, ал аралыкты 24 мүнөт 51.4 секундда өттү. 2-орунда 24 мүнөт 56.2 секунд жыйынтыгы менен япониялык Акито Ватабэ жайгашты. Коло медалдын ээси австриялык Лукас Клапфер болду, ал 10 чакырымды 25 мүнөт 9.5 секундда ашып өттү.

Сноуборд

Бул мелдеште 12 спортчу күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында алтын медалдын ээси АКШлык Шон Уайт болду, ал өзүн мыкты көрсөтүп 97,75 упайга ээ болду. Күмүш медалдын ээси япониялык Аюму Хирано болду, ал 95,25 упай топтоду. Коло медалды 92 упай топтогон австралиялык Жеймс Скотти жеңип алды.

Коньки менен чуркоо

Коньки менен чуркоо мелдешинде 31 спортчу катышып 1 чакырым аралыкка жарышышты. 28 жаштагы голландиялык Йорин тер Морс 1 миң метр аралыкты 1 мүнөт 13.56 секундда ашып өтүп алтын медалдын ээси болду. 2-3-орундарды япониялык спортчулар ээледи, Нао Кодайра 1 мүнөт 13.82 секунд жыйынтыгы менен күмүш медалды тагынса, Михо Такаги 1 мүнөт 13.98 секунд жыйынтыгы менен коло байгенин ээси болду.

Жалпы командалык эсепте Германия курама командасы 7 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы (5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль), 3-орунда 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон АКШ курама командасы жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан