АКШнын Вашингтон шаарында өткөн көргөзмөдө АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын жана жубайы Мишелдин портреттери кызуу талкууга түшүп, ал сүрөт өздөрүн да таң калтырган. Ошондой эле сүрөттүн кайда тартылганы да кызыгууну жараткан. Афроамерика стилин колдонгон сүрөтчү Кехинде Уайлинин калемине таандык Барак Обаманын сүрөтү Кытайда тартылышы мүмкүн дейт искусство таануучу Чарли Винч.
"Жашыл жалбырак, гүлдөр менен жасалган студия Кытайда бар. Уайлинин ондогон шакирттери, жардамчылары да бар. Адатта Уайли маанилүү бөлүктөрүн гана тартып берет, калганын шакирттери бүтүрөт", - дейт искусство таануучу.