Перу өлкөсүнүн Трухильо шаарындагы өспүрүмдөр абагынан чыккан өрттөн 5 адам каза болуп, 29 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Трухильо шаарындагы өспүрүмдөр абагында өрт 13-февралдан 14-февралга караган түнү чыккан. Анда кылмышкерлердин эки тобунун ортосунда жаңжал чыгып, чатак учурунда төшөнчүлөр да өрттөнгөн. Натыйжада абакты өрт каптап, адамдарды алып чыгуу үчүн куткаруучулар дубалдарды да бузууга мажбур болушкан.