Эртең, 16-февралда футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын 2-айлампасы старт алат. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) "В" жана "С" тайпаларындагы командалар кез келет.
Азыркы тапта Суперлиганын турнирдик жадыбалында 21 упай топтогон Оштун "EREM" командасы 1-орунда келе жатат. Бишкектик "Алга" 18 упай менен 2-орунда жайгашса, 3-орунду 15 упайдан топтогон "Мурас", "Фарватер" жана "Жакшылык" командалары бөлүшүп келүүдө.
Футбол федерациясы кабарлагандай, азыркы тапта 18-февралда өтө турган беттештердин жери жана убактысы түзүлүүдө.
2-айлампанын 1-турунун тизмеси:
16-февраль:
17:00 "Sun City"-"Фарватер"
18:30 "Алга"-"Мурас"
20:00 "Бакубат Талас"-"Жакшылык"
17-февраль:
17:00 "Бакубат Талас"-"Мурас"
18:30 "Sun City"-"Жакшылык"
20:00 "Алга"-"Фарватер"
18-февраль
"Бакубат Талас"-"Фарватер"
"Алга"-"Жакшылык"
"Sun City"-"Мурас"