Түштүк Кореяда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында лыжанын спринт түрү боюнча алтын медаль жеңип алган Йоханнес Клабо Жайкы Олимпиада оюндарынын 8 жолку Чемпиону Усэйн Болтко 100 метр аралыкка жарышууну сунуштады.
Буга чейин жөө күлүк Усэйн Болт: "Ким Кышкы Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип, мен жеңген учурда жасаган белгилүү кыймылды жасап сүрөт киргизсе, мен ага бир бөтөлкө шампан белекке берем", - деп айткан эле.
“Мен Усэйндин сунушун көрдүм. Балким, башкача кылаттырбыз. Мен андан бир бөтөлкө шампанды алам, эгер ал Нью-Йорктун борбордук паркында 100 метрге жарышка чыкса. Мен лыжа менен Усэйн болсо чуркайт, ошондо ким жеңет көрөбүз”, - деп билдирген Клабо.