Кышкы Олимпиада оюндары: Муз үстүндө бийлөө боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бүгүн, 15-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 13 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 7 түрүндө медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта муз үстүндө бийлөө боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Бул мелдеште жалпы 16 команда күч сынашты. Анда алтын медалдын ээлери германиялык Алёна Савченко жана Бруно Массо болду, алар 235,90 упай топтоп 1-орунду ээлешти. 235,47 упай топтогон кытайлык Суй Вэньцзин жана Хань Цун күмүш медаль жеңип алышса, канадалык Меган Дюамель жана Эрик Рэдфорд 230,15 упай топтогонго жетишип, 3-орунду камсыздашты.

Жалпы командалык эсепте азыркы тапта Германия курама командасы 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы (5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль), 3-орунда 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси АКШ курама командасы жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-02-15 13:16:33
Алена Савченколор ото жакшы бийледи.Заслужили победу!Алёна 34 жашка чыгып,биринчи жолу олимпиаданын женуучусу болгонго аябай кубанып,козунон жаш акты.Ал буга чейинки коп жолку дуйно чемпиону!
+1
erlan2196
2018-02-15 14:20:15
Туура. Биз дагы кордук. Татыктуу жерип алышты. Германиялыктага жетиш кыйын.
0
Aikyn93
2018-02-15 18:57:20
Россия баарын сокмок барганда күчтүүлөрүн катыштырбай койду.
+1
nurhan2702
2018-02-16 10:55:21
Aikyn93,точно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан