Кышкы Олимпиада оюндары: Лыжа менен жогорку ылдамдыкта түшүү боюнча жарышта норвегиялык спортчу алтын медаль тагынды

Бүгүн, 15-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 13 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 7 түрүндө медалдар ойнотулууда.

Эркектер арасында өткөн лыжа менен жогорку ылдамдыкта түшүү мелдешинде жалпы 81 спортчу катышкан. Анда норвегиялык Аксель Свиндаль 1 мүнөт 40,25 секунд жыйынтыгы менен алтын медалдын ээси болду. Дагы бир норвегиялык спортчу Хьетиль Янсруд мекендешинен 0,12 секунд артта калып 2-орунда жайгашты. Ал эми 3-орунду швейцариялык Беат Фойц ээледи, анын жыйынтыгы 1 мүнөт 40,43 секунд болду.

Муну менен Аксель Свиндаль жеңип алган медаль курама командасын жалпы командалык эсепте 3-орунга көтөрдү.

Жалпы командалык эсепте азыркы тапта Германия курама командасы 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы (5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль), 3-орунда 4 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Норвегия курама командасы жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан