ӨКМ: "Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол тосулуп калды"

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол тосулуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-февралда саат 08:40тар чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 95-96-чакырымдарында кар көчкү түшкөн. Кийин саат 09:00дөр чамасында 112-чакырымында, саат 10:00дөр чамасында да аталган жолдун 99-100-чакырымдарында кар көчкү түшкөн.

Ошондой эле басма сөз кызматынан 3 кар көчкү түшкөн жердин экөө тазаланып бүтүп, учурда үчүнчүсүн тазалоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zainidin96
2018-02-16 00:31:32
Эртенкиге чейин ачылып калса экен мен жолго чыгат элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан