Кыргыз спортчулары Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган пауэрлифтинг боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Дубайда 16-24-февраль аралыгында өтө турган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышат. Алардын ичинде Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы Паралимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген Эсен Калиев жана 6-орунду ээлеген Жыргалбек Оросбаев бар.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Эсен Калиев - Эл аралык даражадагы спорт чебери;
Сагынбек Махаматкул уулу - Эл аралык даражадагы спорт чебери;
Жыргалбек Оросбаев - Эл аралык даражадагы спорт чебери;
Максат Аргымбаев - спорт чебери;
Адилет Камчыбеков - спорт чебери;
Аднан Жабраилов - машыктыруучу.