Бишкекте милициянын эки полковниги 8 килограмм маңзат менен кармалды

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте атайын операция жүргүзүп, анын жыйынтыгында эки жаран маңзат менен кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте 1970-жылы туулган Т.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Лексус GX-470 унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын ичинен скотч менен оролгон жалпы салмагы 8 килограммды түзгөн гашиш табылган.

"Кармалгандардын бири Т.К. отставкадагы милициянын полковниги болгон. Ал эми анын жанындагы К.Ж. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматында иштеген", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ошондой эле министрликтин маалыматында, соттун чечими менен Т.К. Бишкектеги №1-СИЗОго, милициянын полковниги К.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылат.

"ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги К.Ж. ички иштер органдарынан айдалса, аталган кызматтын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги К.Н. ички иштер органдарындагы ээлеген кызматынан бошотулду", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
dosym
2018-02-15 14:34:58
Коргойт деген милиция ушул болсо, өлдүго анда
+9
Isco23
2018-02-15 14:35:56
Кыргыздын кузгулору
+8
ruslanz
2018-02-15 14:37:19
Муну мил-лар чонтокко да салып жиберишет.
+2
rysik79
2018-02-15 14:44:09
Оздорунун ичинде бироо саткан буларды. Крыса же утка кыскасы саткын бар болгон. Жай эле келе жаткан эки полковникти 8 кг нашаасы барын кайдан билишмек эле.
+4
moskoy
2018-02-15 20:53:05
rysik79,СНБ уктап жаткан жок да .
+1
Uli6886
2018-02-15 14:46:22
Президентибиздин кечеги откоргон жыйынынын результаты-деп эсептейм. Дагыда козомолго алуу керек каттуу...
+9
kechirmeni
2018-02-15 14:50:30
Uli6886,Результат чыгаргандары жакшы бирок реальный результат чыгарыш керек, бизде кээде чыгарабыз деп куноосузго деле илип кое беришет подстава кылып
+2
NURSAPAR
2018-02-15 14:49:14
Балее болсо да кармап атышат значит иштеп жатышат
+5
travm
2018-02-15 14:59:43
Молодец Жээнбеков
+6
kamchatka
2018-02-15 15:34:58
болот экенго иштесе иштегиле качан президент айтса баштайбыз деп жургон экенсинерда Ош жакада конул буруп койсонор.
+3
omke.85
2018-02-15 15:36:18
Тазалагыла милицияны ушундай чон бизнесмендерден
+3
suban78
2018-02-15 15:39:19
Давай атасынын кулагы... Озу бироо баары бир куну келип тартипке салыш керек да. Чекесинен текшерчи баарын.
+2
nursultan17
2018-02-15 15:49:46
дагы кармалдыбы
+1
nursultan17
2018-02-15 16:04:45
тазалаш керек чекеден
+1
Nanei
2018-02-15 16:13:05
Шумдугун кургур
+1
kairan_ozum
2018-02-15 22:43:02
Каргалар чукушуп баштаган экен
0
Pchelka85
2018-02-16 00:48:49
Подстава эмеспи???.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан