Бүгүн, 15-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 13 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 7 түрүндө медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта тоо лыжа боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыз-келиндер арасындагы гигант слалом боюнча мелдеште 58 спортчу катышты. Анда АКШлык Микаэла Шиффрин эки старттын жыйынтыгында 2 мүнөт 20.02 секунд жыйынтыгын көрсөтүп алтын медалды тагынды. 2 мүнөт 20.41 секунд жыйынтыгын көрсөткөн норвегиялык Рагнхильд Мовинкель күмүш медалдын ээси болсо, италиялык Федерика Бриньоне 2 мүнөт 20.48 секунд жыйынтыгы менен коло медалды жеңип алды.
Айта кетсек, буга чейин муз үстүндө бийлөө, сноуборд, тоо лыжа спорту боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болгон.
Муну менен учурда жалпы командалык эсепте Германия курама командасы 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы (5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль). Ал эми АКШ курама командасы Микаэла Шиффриндин жеңиши менен жалпы 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль топтоп жадыбалда 3-орунга көтөрүлдү.